oshsu_asst

oshsu_asst

Share

🎓" Өлкөбүздүн ар бир жараны IT технологияны үйрөнүүсү ?

Photos from oshsu_asst's post 03/06/2026

📌02.06.2026
АССТ кафедрасынын ассистент-стажёру Боруев Жоомарт „Заманбап IT куралдар: FLOWLAB жана SUNO AI“ деген темада семинар өттү.

Семинарга АССТ кафедрасынын жамааты катышып, жогорку деңгээлде болду.

Photos from oshsu_asst's post 27/05/2026

2026-жылдын 26-майында АССТ кафедрасынын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү. Кеңешмеде кафедранын окуу-усулдук, практикалык жана уюштуруу иштерине байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды.

Күн тартибине ылайык төмөнкү маселелер талкууланды:

1) Жайкы сессияга карата кафедра тарабынан окутулуучу дисциплиналар боюнча экзамендик билеттерди жана тесттик тапшырмаларды талкуулоо жана бекитүү маселеси каралды. Бул боюнча баяндама менен кафедра башчысы, доцент А.Ж. Кудуев чыгып сүйлөдү.
2) 710100 – “Информатика жана эсептөө техникасы” даярдоо багыты боюнча (бакалавриаттын 2-курсу – АСОИУ, ПОВТАС; магистратуранын 1-курсу) өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле 710400 – “Программалык инженерия” даярдоо багытынын “Веб-технологиялар жана мобилдик системаларды программалык камсыздоо” профилинин 2-курс студенттеринин компьютердик практикасынын жыйынтыктары каралып, практика боюнча кабыл алуу комиссиясынын курамын бекитүү сунушталды. Бул маселе боюнча окутуучу Орунбаева М.Р. маалымат берди.
3) Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында өтө турган StudEXPO көргөзмөсүнө катышуучу студенттерди жана окутуучуларды тандоо жана сунуштоо маселеси каралды.
4) Ар түрдүү уюштуруу иштери жана окуу процессине байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашуулар жүргүзүлдү.

Photos from oshsu_asst's post 26/05/2026

📌26.05.2026
МФТИТ институтунун АССТ кафедрасынын окутуучусу Арстанбеков Амантур Кушбакович „Кесиптик чарчоонун алдын алуу жана мугалимдин мотивациясы“ деген темада семинар өттү.

Семинарга АССТ кафедрасынын жамааты катышып, жогорку деңгээлде болду.

Photos from oshsu_asst's post 26/05/2026

МФТИТИнын АССТ кафедрасы тарабынан 2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн 1–3–4-курс студенттеринин окуу-таанышуу, өндүрүштүк жана квалификациялык практикалары боюнча отчеттору комиссия тарабынан белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү кабыл алынды. Практикалык иштер комиссиянын катышуусунда өткөрүлүп, студенттердин отчеттору талапка жооп берет деп бааланды.

📅 Практикалык отчетторду кабыл алуу 2026-жылдын 13–20-май күндөрү 203-аудиторияда уюштурулду.

*Комиссиянын курамы төмөнкүдөй болду:*

Күндүзгү окуу бөлүмүнүн *1-курстары жана сырттан окуу бөлүмүнүн 2-курстары боюнча:*
*Комиссиянын төрагалары (төрайымдары):* Кыргызбаева Б.С., Дарбанов Э.О., Пазилидин кызы У., Талипов А.Т.
*Мүчөлөрү:* Адилбекова Н.А., Ильичбек к. А., Боруев Ж.Ү., Орунбаева М.Р.

*3–4-курстар боюнча:*
*Комиссиянын төрагалары (төрайымдары):* Ойчуева Р.Р., Беделова Н.С., Чамашев М.К., Ажибекова А.Т.
*Мүчөлөрү:* Арстанбеков А.К., Баястан уулу Б., Сейитказиева Г.И., Саданов А.Д., Сулайманов А.А., Токтосун кызы М., Орунбаева М.Р.

Практикалык отчетторду кабыл алуу иштери жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер өздөрүнүн теориялык жана практикалык даярдыгын ийгиликтүү көрсөтө алышты.

26/05/2026
Photos from oshsu_asst's post 26/05/2026

АССТ кафедрасынын доценти Атырова Рахат 2026-жылдын 30-мартынан 2-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №841 тескемесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды 2026-жылга окутуу боюнча мамлекеттик заказдын алкагында иш сапарында болду.

Иш сапардын алкагында “Мамлекеттик башкаруудагы санариптештирүү” темасында райондорду өнүктүрүү долбоору боюнча 2026-жылдын 18–21-май күндөрү Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн тренинг өткөрдү.

Photos from oshsu_asst's post 26/05/2026

АССТ кафедрасынын доценти Атырова Рахат 2026-жылдын 30-мартынан 2-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №841 тескемесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды 2026-жылга окутуу боюнча мамлекеттик заказдын алкагында иш сапарында болду.

Иш сапардын алкагында “Мамлекеттик башкаруудагы санариптештирүү” темасында райондорду өнүктүрүү долбоору боюнча 2026-жылдын 11–14-май күндөрү Гүлчө шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн Гүлчө мэриясынын имаратында тренинг өткөрдү.

Photos from oshsu_asst's post 26/05/2026

АССТ кафедрасынын доценти Атырова Рахат 2026-жылдын 30-мартынан 2-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №841 тескемесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды 2026-жылга окутуу боюнча мамлекеттик заказдын алкагында иш сапарында болду.

Иш сапардын алкагында “Мамлекеттик башкаруудагы санариптештирүү” темасында райондорду өнүктүрүү долбоору боюнча 2026-жылдын 27–30-апрель күндөрү Сүлүктү жана Раззаков шаарларынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Баткен мамлекеттик университетинин ГСЭИ имаратында тренинг өткөрдү.

Photos from oshsu_asst's post 20/05/2026

📌19.04.2026
АССТ кафедрасынын окутуучусу Талипов Алмамбет „Emaze платформасы менен чыгармачыл жана интерактивдүү сабактарды уюштуруу“ деген темада семинар өттү.

Семинарга АССТ кафедрасынын жамааты катышып, жогорку деңгээлде болду.

Photos from oshsu_asst's post 17/05/2026

📌Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтуна караштуу “Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар” кафедрасында 2025–2026-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн магистрдик жана квалификациялык иштеринин алдын ала коргоо иш-чарасы май айынын биринчи жумасында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө магистранттар жана студенттер өздөрүнүн магистрдик, квалификациялык (дипломдук) иштерин комиссия мүчөлөрүнө жана илимий жетекчилерге сунушташты. Комиссия мүчөлөрүнүн курамы билим берүү программаларынын (ББП) профилине ылайык кафедранын жыйынында бекитилген.

Сунушталган иштердин мазмуну, илимий деңгээли жана практикалык мааниси атайын түзүлгөн комиссия тарабынан талданып, ар бир ишке тиешелүү баа берилди.

Илимий жетекчилер тарабынан магистранттарга жана студенттерге изилдөө иштерин өркүндөтүү, структурасын жакшыртуу, ошондой эле теориялык жана практикалык бөлүктөрүн тереңдетүү боюнча сунуштар берилди. Мындан тышкары, комиссия тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу жана иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Бул алдын ала коргоо иш-чарасы бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коргоого даярдыгын жогорулатууга, алардын илимий изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана академиялык сапатты жогорулатууга багытталган маанилүү этап болуп саналат.

Want your school to be the top-listed School/college in Osh?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Osh

Category

Telephone

Address


Алымбек Датка 331
Osh
723500

Opening Hours

Monday 08:00 - 17:00
Tuesday 08:00 - 17:00
Wednesday 08:00 - 17:00
Thursday 08:00 - 17:00
Friday 08:00 - 17:00
Saturday 08:00 - 12:00