11/03/2026
✅Шаардык олимпиадада өзбек тили жана адабияты предмети боюнча алдыңкы орунду ээлеген 9-“альфа” классынын окуучусу Рахматуллаев Али жана даярдаган мугалими Барно Исакова Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын диплому менен сыйланышты.
#8мектеп
#БилимБерүү
#олимпиада
#мугалимОкуучу
11/03/2026
✅Билимдүү муундар- биздин келечегибиз
Бүгүн, 12 жылдык билим берүү программасынын алкагында 2-“В” классында математика сабагынан кызыктуу ачык сабак болуп өттү. ОГПИнин БК23-8 тайпасынын практиканты Хайруллаева Райёна окуучуларга “2D фигураларды сыпаттоо, топтоо жана сүрөтүн тартуу” темасын абдан жеткиликтүү жана заманбап ыкмалар менен түшүндүрдү.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар геометриялык фигураларды айырмалап, аларды топтоштурууну жана так тартууну үйрөнүштү. Жаш адиске тажрыйбалуу мугалим, класс жетекчи Тураева Рано Юлдашбайевна жакындан көмөктөшүп, методикалык багыт берди.
#8Мектеп #АчыкСабак #Математика
#Билимберүү
07/03/2026
✅Бүгүн мектебибизде ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке мектеп мугалимдери катышышты. Алар мектептин айланасын, мектепке караштуу жерлерди жана мектеп короосун тазалашты. Мугалимдер биргеликте иштеп, айлана-чөйрөнү тартипке келтирүүгө чоң салым кошушту.
Ишембиликтин жыйынтыгында мектебибиздин айланасы таза жана көрктүү болуп калды. Мындай иш-чаралар тазалыкты сактоого жана айлана-чөйрөгө кам көрүүгө чоң жардам берет.
27/02/2026
Цыган бийи — бул дүйнөдөгү эң экспрессивдүү бийлердин бири. Анда эч кандай катып калган калыптар жок, болгону жан дүйнөнүн чакырыгы жана ички эркиндик бар.
27/02/2026
✅Бий — бул жан дүйнөнүн тили. Уйгур бийи аркылуу элдин меймандостугу, ачык мүнөзү жана бийик духу сезилет. Ар бир бурулушта — тарых, ар бир кадамда — жашоого болгон сүйүү.
27/02/2026
✅Өзбек бийи — бул жөн гана кыймыл эмес, бул жан дүйнөнүн баяны. Ар бир колдун кыймылында, ар бир көз карашында Чыгыштын сырдуулугу жана назик сулуулугу катылган.
Жибектей жумшак кыймылдар, кооз оймо-чиймелүү костюмдар жана доолдун (доира) соккусу... Бул бий сизди Фергананын өрөөндөрүнө же Бухаранын байыркы көчөлөрүнө алып баргандай болот. 🇺🇿💃
27/02/2026
✅Кыргыз бийи — бул аттын туягынын дүбүртү, тоолордун жаңырыгы жана эркин элдин жүрөк кагышы. Биздин маданият — биздин сыймыгыбыз! ❤️🇰🇬
27/02/2026
Иш- чара жогорку деңгээлде болуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
23/02/2026
Иш- чарадан көз ирмемдер.
22/02/2026
✅21-февраль — Эл аралык эне тил күнү! 🌍
Бул маанилүү күнгө карата мектебибизде башталгыч класстардын мугалимдери Касимова Одина жана Кабилова Зульфия эжекелер тарабынан өзгөчө майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында:
✅ Окуучулар өзбек тилинде көркөм ырларды окушту;
✅ Кызыктуу сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү;
✅ Шайыр бийлер аткарылып, майрамга көрк кошулду.
Тил — ар бир улуттун байлыгы жана сыймыгы. Окуучуларга эне тилинин баркын үйрөтүп, маданий баалуулуктарды даңазалаган мугалимдерибизге терең ыраазычылык билдиребиз!
#ЭнеТил #21Февраль #БилимБерүү #ТилБайлыгы #МектепТурмушу
22/02/2026
Бул жөн гана сабак эмес, руханий азык болду!